Бишкектеги №43 автобустун каттамынын жүрүү схемасы өзгөрдү

Бишкектеги №43 автобустун каттамынын жүрүү схемасы өзгөрдү

20-майдан тарта Бишкек шаарындагы №43 коомдук транспорт каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Жаңыланган схемага ылайык, №43 каттамы төмөнкү көчөлөр аркылуу жүрөт:
Мурас-Ордо көчөсү, Школьная көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Махатма Ганди көчөсү, Чүй проспектиси, Бейшеналиева көчөсү, Токтогул көчөсү жана Фучик көчөсү.

Шаар тургундары жана коноктору каттамдагы өзгөрүүлөрдү алдын ала эске алып, сапарларын пландап алуусу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп, белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метр синтетикалык тор табылды. Тор суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылды жана тиешелүү чараларды

Милицияга пара берген жаран кармалды

Милицияга пара берген жаран кармалды

Кара-Суу районунда тергөөчүгө 40 миң сом акча каражатын пара катары берип жаткан жаран шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин                   345-беренесинин (Пара

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкекте газ өткөргүчүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу 17-19-август күндөрү айрым аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ Чоң Чүй каналы, Ала-Арча айылы, Лев Толстой, Болот Алыкулов, Киров, Фрунзе, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба, Фучик жана Жамгырчинов көчөлөрү менен чектелген аймактарда

Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин жетекчилиги Корея деңиз институтунун директору Жо Жоңхи жана институттун өкүлдөрү менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборунун курулушун аяктоо жана аны расмий ачууга даярдык