Чүй облусундагы жолдордун сапаты текшерилди

Чүй облусундагы жолдордун сапаты текшерилди

Курулуш министрлиги тарабынан бир катар калктуу конуштарга төшөлгөн асфальттын сапатын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Токмок шаары, Жаңы-Жол айылы, ошондой эле Ысык-Ата районунун Рот-Фронт, Ивановка жана Тельман айылдарында төшөлгөн асфальт-бетон жабындысынын сапатына көзөмөл жүргүздү.

Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө адистер кийинки лабораториялык сыноолорду өткөрүү үчүн керн үлгүлөрүн тандап алды.

Текшерүү төшөлгөн асфальттын белгиленген талаптарга жана курулуш ченемдерине шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Алайдын Нура айылына заманбап логистикалык борбор курулат

Алайдын Нура айылына заманбап логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында Кыргызстандын энергетика жана логистика тармагындагы ири стратегиялык долбоордун башталышына арналган мезгил кутусун салуу аземи болду.   Маалыматка ылайык, иш-чарага Энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов жеринде катышып, долбоордун ишке киришине расмий старт берди. Бул демилге өлкөнүн экспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган эң ири инфраструктуралык

Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда заманбап транспорттук түйүн курулуп жатат

Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда заманбап транспорттук түйүн курулуп жатат

Бишкек — эл аралык “Манас” аэропорту унаа жолунун 11+800-чакырымында заманбап транспорттук түйүн жана жалпы узундугу 8,74 чакырымды түзгөн кире бериш жолдордун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда 5 миң 800 метр аралыкта жолдун борбордук огун белгилөө иштери толугу менен аяктады. Мындан

Ош шаарынын башкы планы боюнча талкуу болду

Ош шаарынын башкы планы боюнча талкуу болду

19-майда Ош шаардык мэриясынын имаратында Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.  Комиссиянын отурумунда комиссия түзүү

Кант шаарында опузалап акча талап кылган жактоочу кармалды

Кант шаарында опузалап акча талап кылган жактоочу кармалды

Кант шаарында опузалап акча талап кылган жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, атайын кызмат тарабынан 19-майда коррупциялык схемаларды жоюу иштеринин, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында С.Р.Т. аттуу жактоочу кармалган. Кылмышка шектүү С.Р.