Каракол – Эңилчек жолундагы селдин калдыктары тазаланды

Каракол – Эңилчек жолундагы селдин калдыктары тазаланды

19-майда күнү аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 4-5-чакырым аралыгында, Каракол – Раздольный унаа жолунун 6-7-чакырымдарында жана Госдорога –Үч-Кайнар унаа жолунда нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүргөн.

Сел жүргөн жерде №11 Жол тейлөө ишканасынын филиалы тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалардын жардамы менен күнү-түнү жолго чыккан сууларды буруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда унаа кыймылы чектөө жок, тиешелүү жол белгилери орнотулган. 

“Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасы айдоочулардан жол жүрүүдө этият болуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Октябрь айында пенсияны көтөрүү маселеси каралат

Октябрь айында пенсияны көтөрүү маселеси каралат

Социалдык фонддун өкүлү Жеңишбек Мукамбетов ушул жылдын октябрь айындда пенсияларды кайрадан жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө минималдуу пенсия 7,1 миң сомду түзөт. Мукамбетов пенсиялар жыл сайын инфляция жана орточо айлык маянанын өсүшүнө жараша индексацияланып турарын айтты. Анын айтымында, пенсияларды көбөйтүү маселеси октябрь айында каралышы мүмкүн. Жогорулатуунун

Чүй облусундагы өнөр жай аймагына ири инвестициялар тартылууда

Чүй облусундагы өнөр жай аймагына ири инвестициялар тартылууда

Президенттин Администрациясында Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өнөр жай аймактары жана индустриалдык парктар боюнча жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагындагы өнөр жай аймактарын жана индустриалдык парктарды өнүктүрүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, инфраструктуралык даярдыгын камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу маселелери каралды. Өзгөчө көңүл Чүй облусунда түзүлүп жаткан

1 млн сомдон ашык суммадагы товарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

1 млн сомдон ашык суммадагы товарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Салык кызматынын маалыматына ылайык, Renault үлгүсүндөгү жүк ташуучу автотранспорт каражатын текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлбөгөн товарлар: аялдардын косметикалык каражаттары, кийим-кече, чачка кам көрүүчү каражаттар жана башка эл керектөөчү товарлар

Таш-Көмүр ГЭСинде кыш мезгилине карата даярдык иштери уланууда

Таш-Көмүр ГЭСинде кыш мезгилине карата даярдык иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан берилген тапшырманын негизинде Таш-Көмүр ГЭСи 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин улантып жатат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, негизги максат — энергетикалык жабдуулардын ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясына суроо-талап күчөгөн мезгилде өлкө керектөөчүлөрүн туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу. Бекитилген