Өлкөнүн айрым аймактарында мотоунааларга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында мотоунааларга чектөө киргизилди

Кыргызстанда экосистемаларды сактоо жана жаратылыш аймактарын коргоо максатында айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын пайдаланууга чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө төмөнкү аймактарда чектөө коюлду:
– өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;
– парктык-пляждык зоналарда;
– жайыттарда.

Маалыматка ылайык, бул чектөөлөр автомобиль жолдорундагы кыймылга тиешеси жок. Ошондой эле экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштурууга тоскоолдук жаратпайт.

Мындан тышкары, мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилбейт.

Мындан тышкары окуңуз

Аялдамадагы даракка зыян келтирген ижарачыга Бишкек мэриясы чара көрдү

Аялдамадагы даракка зыян келтирген ижарачыга Бишкек мэриясы чара көрдү

Бишкек шаарында Жибек Жолу проспектиси менен Ж. Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамада жайгашкан даракка зыян келтирүү фактысы боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган жер тилкеси ижарага берилген. Ижарачы пандус куруу иштерин жүргүзүп жаткан учурда даракка зыян келтирген. Учурда дарактын түбү бетондон тазаланып, аялдама аймагын талапка ылайык келтирүү боюнча иштер

Таластагы жолдордун курулушу текшерилди

Таластагы жолдордун курулушу текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жол объектилериндеги иштердин жүрүшүн жеринен текшерди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Суусамыр – Талас – Тараз жана Талас – Беш-Таш унаа жолдорунда аткарылып жаткан иштердин абалы каралды. Мындан тышкары, “Чыңгыз Ааламы” жана “Манас-

Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактары таштандылардан тазаланды

Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактары таштандылардан тазаланды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактарында тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага "Ак-Моюн" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана туризм тармагында иш алып барган жарандар катышып, аймак таштандылардан тазаланды. Көл-

Улуттук банк Бишкектеги 4 алмашуу бюросуна айып пул салды

Улуттук банк Бишкектеги 4 алмашуу бюросуна айып пул салды

КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы төрт алмашуу бюросу жоопко тартылды. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Улуттук банктын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 5-августуна карата абалы боюнча реестрине