Яндекс Go шаарлардын ортосунда жүрүү үчүн «Шаар аралык» сервисин сунуштайт

Яндекс Go шаарлардын ортосунда жүрүү үчүн «Шаар аралык» сервисин сунуштайт

Кыргызстандын шаарларынын ортосунда жүрүү үчүн Яндекс Go супераппында эми "Шаар аралык" сервиси пайда болду.

 Колдонуучулар жол жүрүү үчүн алдын ала орун алып – жалгыз же жолоочу менен чогуу бара турган сунушту тандай алат. Алгач ишке кире турган маршруттар – Бишкектен Балыкчыга, Чолпон-Атага, Караколго, Токмокко жана Кара-Балтага; Оштон Манаска; Тамчыдан Караколго жана Балыкчыдан Чолпон-Атага чейин жеткиликтүү болот. Жол жүрүүлөр эки тарапка бирдей жеткиликтүү. Акырындык менен маршруттун тизмеси  кеңейе берет.

Жолго чыгуу үчүн колдонуучулар тиркемеден маршрутту көргөзүп, сунушталган тизмедеги айдоочулардын бирин тандап, буйрутманы ырасташы керек. Андан соң жүргүнчү менен айдоочу байланышып, жолго чыгуу убактысын, жолугушчу жерди жана башка жагдайларды макулдашып алышат. Эгерде тандалган күнгө айдоочунун сунушу жеткиликтүү болсо, жолго чыгууну ошол күнгө же максимум үч күнгө чейин алдын ала пландаштырса болот. Колдонуучу дароо унаанын салонун толук ээлеп же бир-эки орунду сатып алып, башка жүргүнчүлөр менен чогуу кете алат. Айдоочу жол жүрүүнүн жеткиликтүү форматын алдын ала көрсөтөт.

Сервистеги башка тейлөө тарифтериндегидей эле, айдоочу менен жүргүнчүлөр жол жүрүүдө 800 000 сомго чейин камсыздандырылат.

Бардык сапарда заманбап коопсуздук технологиялары, мисалы, ылдамдыкты жана айдоонун стилин автоматтык түрдө көзөмөлдөө иштеп турат. Колдонуучулар үчүн тиркемеде «Коопсуздук» бөлүмү жеткиликтүү, ага кирип, колдоо кызматына кайрылып, колдоо сураса болот же өз маршрутун жакындары менен бөлүшө алат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media