Бишкек мэри: маселе самокатта эмес, аны колдонуу маданиятында

Бишкек мэри: маселе самокатта эмес, аны колдонуу маданиятында

Эгерде Бишкек шаарында электр чыгырыктарынын көйгөйү жөнгө салынбаса, мэрия шаардагы тартип жана тургундардын саламаттыгы үчүн алардын жүрүшүнө тыюу салышы күтүлөт.  Мындай пикирин шаар башчы Айбек Джунушалиев билдирди.

Анын айтымында, электр чыгырыгы менен велосипедди колдонууга байланышкан түшүндүрүү иштери коомдо жетишсиз болуп жатат. Андыктан шаарда бир самокатка эки адам минип жүргөн же велосипед айдагандар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелерде жүргөн учурлар көп. Себеби, тийиштүү маданияттын жоктугунда.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия электр самокаттарынын максималдуу ылдамдыгын 25 км/сааттан 15 км/саатка чейин төмөндөтүү боюнча Министрлер кабинетинин токтом долбоорун даярдаган. Бирок документ азырынча кабыл алына элек.

Акыркы учурда тротуарда ылдам жүргөн же туура эмес жерге ташталган электр чыгырыктар жана коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы тууралуу шаардыктардын арыздары көп айтылууда.

Билдирүүлөргө караганда, шаарда сезон учурунда ай сайын электр чыгырыктары менен 100 миңдеген сапарлар жасалат. Операторлордун айтымында, алардын көпчүлүгү көңүл ачуу үчүн эмес, коомдук транспортко альтернатива катары шаардыктар тарабынан колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media