Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада сыноодон өтүп жаткан Higer үлгүсүндөгү электробусту текшерип көрдү.

“Бүгүнкү күндө биз төрт компаниянын Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong өндүрүшүнөн чыккан электробустарды сынап жатабыз. Бизге узундугу 8 жана 8,7 метрлик моделдер сунушталды. Учурда дал ушундай кыска электробустарды издеп жатабыз, анткени жаңы конуштарды жана шаарга кошулган жаңы аймактарды тейлөө үчүн 624 даана электробус сатып алууну пландап жатабыз”, - деди калаа башчысы.

Анын айтымында, июнь айында жаңы партияны жеткирүү күтүлүүдө. Учурда бардык өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, анда ар бир компания 200гө чейин электробус чыгарып, жеткирип берүүгө даяр экенин билдирүүдө.

"Эгерде биз бул электробустарды алып келсек, анда жолдордогу тыгындарды кыйла жеңилдете алабыз. Жаңы конуштарда көчөлөр тар, андыктан чоң автобустар ал жерге батпай, бурулууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Баасына токтолсок, Yutong электробустары кымбатырак турат. Болжол менен 95-100 миң  доллар. Ал эми Higer арзанырак, болжол менен 76 миң  долларды түзөт”, – деп белгиледи Айбек Жунушалиев.

Муниципалитеттин өндүрүүчүлөргө койгон башкы талабы техниканын кызмат мөөнөтү 10 жылдан кем эмес болушу шарт. Мэр шаардын каржылык мүмкүнчүлүгү транспортту ар бир 5-6 жыл сайын алмаштырууга азырынча жол бербей турганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media