Кырчын жайлоосунун жолуна асфальт төшөлүүдө

Кырчын жайлоосунун жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка – Көл ­– Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырым тилкесинде учурда жолдун негизин даярдоо жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, анын алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл­ – Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланууда. Жалпысынан 35 чакырым жолду оңдоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 18 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктады.

Жол куруу иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №7 Жол тейлөө ишканасы тарабынан заманбап технологияларды колдонуу менен аткарылууда.

Аталган жол Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги каттамдардын бири болуп саналат. Жолдун жаңыланышы аймакка келген эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө, ошондой эле алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларын жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты