Токтогул – Беш-Таш автожолунда капиталдык оңдоо иштери уланууда

Токтогул – Беш-Таш автожолунда капиталдык оңдоо иштери уланууда

Токтогул – Беш-Таш автожолунун 0+000 чакырымдан 53+000 чакырымга чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Аталган жол III–IV категорияга кирип, жолдун жалпы туурасы 8–10 метрди, ал эми асфальт төшөлмөсүнүн туурасы 7 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө жолдун 15 чакырымдан ашуун тилкесинде негизги курулуш иштери кызуу фазада жүргүзүлүүдө. Учурда эски асфальт катмарын сыйруу иштери улантылып, дренаждык система жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу боюнча иштер негизинен аяктады.

Ошондой эле Ак-Тектир айланып өтүүчү жолунда жана айыл ичиндеги ар түрдүү көлөмдөгү түтүктөр толугу менен орнотулду.

Курулуш иштеринин сапаттуу жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатында объектте 40 даана атайын техника жана 112 адис иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Президенттин стабилдештирүү фондунан бул жолдун курулушуна атайын каражат бөлүнгөн. Учурда долбоор Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин жеке көзөмөлүндө ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media