Түндүк – Түштүк жолунун абалы текшерилди

Түндүк – Түштүк жолунун абалы текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна барып, жолду сезондук пайдаланууга даярдоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министр тиешелүү мекеме жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, жол оңдоо ишканалары жайгаша турган жерлерди аныктап, үч аймакта тиешелүү объектилерди тез арада куруу тапшырмасы коюлду. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо максатында таяныч дубалдарын куруу, эстакадалык көпүрөлөрдү жарыктандыруу маселелерин чечүү, жолго түшкөн таштарды тазалоо жана жолду 1-июнга карата ачылышка толук даярдоо боюнча милдеттер жүктөлдү.

Аталган унаа жол июнь айынан ноябрь айына чейин ачык болот.

Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана коопсуздук талаптарына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты