Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 80 чакырымына асфальт төшөлдү

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 80 чакырымына асфальт төшөлдү

Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанидеги Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Калган 20 чакырым тилкеде асфальттоо иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, 0–64 жана 79–100-чакырымдар аралыгында асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Ал эми 0–48 жана 91–100-чакырымдарында экинчи катмарын төшөө иштери аяктады.

Азыркы тапта Чапчыма ашуусунун айланасындагы 64–79-чакырымдарда жер жумуштары жана жолдун негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 48–64-чакырымдар аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатат.

Долбоор толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. III техникалык категориядагы жол эки тилкелүү болуп, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталып курулууда.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштери тынымсыз уланууда. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун курулушунда иштер жүрүп жатат. Жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн жол Ала-Резорт тоо лыжа базасына алып барат. Учурда жолду асфальттоого даярдоо максатында жер жумуштары жүргүзүлүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык