Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек шаарында жай мезгилинде жолдордун сакталышын камсыздоо жана жол коопсуздугун жогорулатуу максатында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин күндүз абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда саат 09:00дөн 19:00гө чейин максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын шаар аймагындагы муниципалдык жолдордо жүрүүсүнө чектөө коюлат.

Чектөө Бишкектеги муниципалдык жолдорго тиешелүү экени белгиленди.

Ошол эле учурда гуманитардык жардам, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган унааларга, ошондой эле атайын уруксат менен жүргөн ири габариттүү жүктөргө жана жол куруу иштерине тартылган техникаларга бул чектөө колдонулбайт.

Мэриянын маалыматына ылайык, райондук администрацияларга жана тиешелүү кызматтарга айдоочулар жана жүк ташуучу компаниялар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Бишкек мэриясы айдоочуларды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга жана белгиленген эрежелерди сактоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштери тынымсыз уланууда. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун курулушунда иштер жүрүп жатат. Жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн жол Ала-Резорт тоо лыжа базасына алып барат. Учурда жолду асфальттоого даярдоо максатында жер жумуштары жүргүзүлүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык