Бишкекте коомдук траспорт үчүн атайын тилкелер чийилет

Бишкекте коомдук траспорт үчүн атайын тилкелер чийилет

Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерди чийүү улантылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди.

Рамиз Алиевдин айтымында, Бишкек шаардык мэриясынын жол мсаелелери боюнча штабында Бишкек мэриясынынын концепциясынын негизинде коомдук транспортко артыкчылык берүү чечими кабыл алынган.

"Мындай чечим айдоочулар үчүн бир аз ыңгайсыздыктарды жаратат, бирок биз түшүнүшүбүз керек, коомдук транспорт жыл сайын 220 миллион адамды ташыйт. Бул олуттуу сан. Андыктан коомдук транспортко артыкчылык берилиши керек – атайын тилкелер болушу керек", – деди ал.
Анын айтымында, коомдук транспорт менен жүргөн шаар тургундары тыгында турбашы керек. "Алар убакытты үнөмдөп, белгилүү бир артыкчылыктарга ээ болушу керек. Биз жеке унаа коомдук транспортко караганда ыңгайлуураак экенин түшүнүшүбүз керек", - деп кошумчалады Алиев.

Мэрия коомдук транспортко артыкчылык берүү саясатын улантаарын белгиледи. Атайын тилкелер үчүн Абдархманов – Байтик Баатыр көчөсү,  Жибек Жолу проспектиси, Курманжан Датка – 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрү аныкталды.

"Ошол эле маалда биз атайын унаалардын трассага чыгуусуна уруксат берүүнү чечтик. Атайын унаалар муниципалдык унаалар. Ошондой эле таксилерге бөлүнгөн тилкелерди колдонууга уруксат берүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонууну карайбыз. Бул дагы эл аралык мыкты тажрыйба. Муну кийинки жыйында карап чыгышыбыз керек", - деди вице-мэр.

Буга чейин атайын бөлүнгөн тилке Ахунбаев көчөсүнө чийилген.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштери тынымсыз уланууда. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун курулушунда иштер жүрүп жатат. Жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн жол Ала-Резорт тоо лыжа базасына алып барат. Учурда жолду асфальттоого даярдоо максатында жер жумуштары жүргүзүлүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык