Бүгүндөн тарта Түндүк –Түштүк жолу ачык болот

Бүгүндөн тарта Түндүк –Түштүк жолу ачык болот

1-июндан тарта Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу транспорт кыймылы үчүн убактылуу ачылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жарандардын кайрылуулары эске алынып, жол быйыл ноябрь айына чейин пайдаланууга берилет.

Ошол эле учурда жооптуу кызматтар айрым тилкелерде таш кулоо коркунучу сакталып жатканын эскертип, айдоочуларды этият болууга чакырышты.

Ноябрь айынан тарта жол кайрадан жабылып, коопсуздук максатында 2027-жылдын май айына чейин пайдаланууга берилбейт.

Эске салсак, айдоочулардын коопсуздугу үчүн унаалардын өтүүсүнө таңкы саат 06:00дөн 20:00гө чейин уруксат берилди.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштери тынымсыз уланууда. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун курулушунда иштер жүрүп жатат. Жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн жол Ала-Резорт тоо лыжа базасына алып барат. Учурда жолду асфальттоого даярдоо максатында жер жумуштары жүргүзүлүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык