Калинин – Степной жолуна асфальт төшөлүүдө
Жайыл районундагы Калинин – Степной унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган. Учурда анын 2 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
Бүгүнкү күндө курулуш иштери белгиленген графикке ылайык кызуу жүрүп, №40 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылууда.
Ал эми жолду жаңылоо иштеринин негизги максаты - транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.