Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун экологиялык абалы текшерилди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун экологиялык абалы текшерилди

Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Сары-Кыр тилкесиндеги курулуш иштеринде экологиялык талаптардын аткарылышы текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анда калдыктарды туура башкаруу жана сорттоо, жер жана суу ресурстарынын булганышына жол бербөө, жаратылышка терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Аталган тилкеде курулуш иштери экологиялык нормаларга ылайык жүрүп жатканы жана эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганы тастыкталды.

Адистер курулуш жүргүзүп жаткан мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуп, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык мыйзамдарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүчүлөр өлкөнүн экологиялык мыйзамдарынын талаптарын жоопкерчилик менен аткаруу зарылдыгын дагы бир ирет эскертишти.

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту