Тамчы – Ташкент аба каттамы ишке киргизелет
8-июлдан тарта мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы өзбекстандык Malva Tour туроператору менен биргеликте Ташкент — Тамчы багыты боюнча жаңы сезондук түз аба каттамды ишке киргизет.
“Кыргызстан аэропортторунун" маалыматына ылайык, каттамдар жумасына бир жолу — ар шаршемби күнү аткарылып, учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт.
Жаңы каттам Өзбекстандан келген туристтерге Ысык-Көлгө тез жана ыңгайлуу жетүүгө шарт түзөт.