Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

1-3-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен  улам өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы унаа жолдордо сел жана таш кулоо учурлары катталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаралган кырдаалга байланыштуу министрликтин  Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалардын жардамы менен жолдорду сел калдыктарынан тазалоо жана каттамдарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. 

Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 273-275-чакырымдарында жана Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 3 чакырымына чейинки аралыгына сел суулары каптаган. Жерине министрликтин атайын техникалары тартылып, тилкелерди тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Туздуу-Көл унаа жолунда сел жүрүп, анын кесепеттерин жоюу жана жолду тазалоо иштери аткарылды. 

Баетов – Макмал унаа жолунун 13-14-чакырымдарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.

Ак-Тал-Чат – Казарман унаа жолунун 4-5-чакырымдарында оңдоо иштери жүрүп жаткан тилкеде тоо коктусунан келген чоң көлөмдөгү суу каптаган. Учурда суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүүдө.

Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 49-чакырымында сел жүргөн. Жерине ыкчам түрдө атайын техника тартылып, тазалоо иштери аткарылды.
Ошондой эле, ушул эле унаа жолдун 63-чакырымында дагы сел катталып, каналга плита коюу аркылуу тосуу иштери жүргүзүлгөн.

Министрлик жарандарды жана айдоочуларды тоолуу аймактардагы автомобиль жолдорунда өзгөчө этият болууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш айылындагы авариялык абалдагы көпүрөнүн учурдагы абалы менен жеринен таанышты. Райондук админстрациянын маалыматына ылайык, кароо учурунда көпүрөнүн жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратып жаткандыгы белгиленип, абалды тез арада жөнгө салуу маселеси талкууланды. Ошондой эле район акими жергиликтүү калктын каттамын

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы агроаптекаларда жана гүл саткан соода жайларында мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл чара министрлигинен билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда Каракол шаарында 13 агроаптека жана 16 гүл саткан дүкөн иш алып барат. Мониторингдин жүрүшүндө фитосанитардык талаптардын сакталышы, өсүмдүктөрдү коргоо

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды. Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Кыргызстанда IPO аркылуу 1 млрд 634 млн сом инвестиция тарткан “Азия Сталь” металлургиялык заводу акционерлерине алгачкы дивиденддерин төлөп берди. Ишкананын башкы директору Мурат Тыныстановдун айтымында,  биринчи төлөмдөрдөн кийин инвесторлордун ишеними бекемделип, акцияларга болгон кызыгуу дагы арткан. Биз аны менен алгачкы дивиденддердин жыйынтыгы, ички инвесторлордун ролу, артыкчылыктуу акциялардын өзгөчөлүгү жана Кыргызстанда