Бишкек – Ош жолуна түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды
5-июлда саат 16:00дөр чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 121–122-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жолдун бир тарабы убактылуу жабылган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, саат 18:00гө карата аталган министрликтин жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери толук жүргүзүлүп, жолго түшкөн таштар чыгарылды. Окуядан жабыркагандар катталган жок.
Жол эки сааттын ичинде толугу менен тазаланып, унаа кыймылы үчүн кайрадан ачылды. Учурда Бишкек–Ош унаа жолунда кыймыл кадимки тартипте уланууда.
Белгилей кетсек, учурда аталган тилкеде эч кандай кооптуу кырдаал жок.