Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды
"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.
Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар жеңил жараат алганы маалымдалды.