“Манас” аба майданында каттамдар жандана баштады

“Манас” аба майданында каттамдар жандана баштады

7-июлда TezJet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багытындагы учагы шассидеги техникалык мүчүлүштүктөн улам учууну токтоткон окуядан кийин “Манас” эл аралык аба майданынын каттамдарынын графиги өзгөрдү.

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, окуядан кийин айрым каттамдар башка аба майдандарына багытталып, кээ бирлери жокко чыгарылып же кечигүү менен аткарылууда.

Маалыматка караганда, бүгүн авиакомпаниялардын көбү каттамдарын түштөн кийинки жана кечки убакытка жылдырды. Бул чечим учакты учуу-конуу тилкесинен чыгарып, тилкени толук бошотуу зарылдыгына байланыштуу кабыл алынган.

Учак тилкеден чыгарылгандан кийин биринчи каттамды саат 11:50дө учуруу пландалган.

Учурда жаңы учуу графиги түзүлүп жатат. Маалыматка ылайык, түнкү саат 24:00гө чейин кечигип калган бардык каттамдарды аткаруу мерчемделүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту