Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон жок.

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, бул факты боюнча Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан расмий териштирүү жүргүзүлүүдө. 

Учурда адистер аба кемесин учуп-конуу тилкесинен эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Зарыл болгон текшерүү иш-чаралары аяктаганга чейин TezJet авиакомпаниясынын аба кемелерин эксплуатациялоону убактылуу токтото туруу чечими кабыл алынды. Бул чечим учуулардын коопсуздугунун максималдуу деңгээлин камсыз кылууга багытталган алдын алуучу чара болуп саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту