Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы токтотулду

Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы токтотулду

7-июлда “Манас” эл аралык аба майданында Tez Jet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан аба кемеси кырсыкка кабылган. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манас Самидинов билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгондон кийин дароо Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги аталган окуянын жагдайларын расмий иликтөөгө киришти.

Ошону менен катар Tez Jet авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында авиация мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталып, алардын учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз терс таасир тийгизери белгиленди. 
Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиакомпаниянын аталышына, тарыхына, бизнесинин масштабына же рыноктогу ордуна карабастан, мындан ары да учуулардын коопсуздугуна тобокелдик жараткан ар бир эксплуатантка карата эң принципиалдуу жана катаал чечимдерди кабыл алууну улантат жана мыйзам баарына бирдей экендигин баса белгилейт.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media