Базар-Коргон – Арстанбап жолу сел калдыктарынан тазаланды

Базар-Коргон – Арстанбап жолу сел калдыктарынан тазаланды

Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун бир нече тилкесинде сел жүрүп, кум, шагылдар жолду бөгөп калган. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук админстрациясынан билдиришти.

Сел 12-июлда болжол менен кечки саат 20:15тер чамасында нөшөрлөп жааган жаандан кийин орун алган. Анда райондун Кеңеш айыл аймагына караган Кекилик тилкесинде кокту-колоттордон келген сел суулары Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун болжол менен 14-чакырымын кум-шагылга толтурган. 

Селдин кесепетинен унаа жол эки тараптуу убактылуу жабылган. Кийинчерээк жерине №50 Жол тейлөө ишканасынан 1 автожүктөгүч жана 1 автогрейдер жана айыл өкмөт тарабынан 2 инженердик техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп саат 22:30 да каттам бир тараптуу ачылган. Ал эми, 13-июлга караган түнү саат 00:30да унаа жол эки тараптуу ачылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты