Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте шаардын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоо боюнча иш-чаралардын алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо уланууда. 

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабы 23-26-июнда ийгиликтүү аяктады. Иштердин жүрүшүндө жалпы узундугу 8 километрди түзгөн жол тилкеси оңдолгон. 

Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин уланып, Фучик көчөсүнөн “Манас”эл аралык аэропортуна чейинки тилкени камтыган. 

Үчүнчү этап 5-12-июлда ишке ашырылган. Комсомол көчөсүнөн Чоң Чүй Каналына чейинки 7 километрлик тилкеде иштер жүргүзүлгөн. 

13-июлдан баштап оңдоп-түзөөнүн төртүнчү этабы башталат. Бул этаптын алкагында аэропорттон Манас айылына чейинки тилкеде жолдун чыгыш тарабы жабылат. Унаалардын кыймылы жолдун карама-каршы тарабы менен уюштурулат.
Жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында, жолду толук жабуу каралган эмес. Оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде эки багыттагы унаа кыймылы жолдун бир тарабы аркылуу жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жол белгилеринин талаптарын жана жол кыймылын жөнгө салуучулардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга, ошондой эле мүмкүн болушунча жүрүү багытын алдын ала пландаштырууга чакырат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media