Чат-Базар – Арал – Талды-Булак жолуна асфальт төшөлдү

Чат-Базар – Арал – Талды-Булак жолуна асфальт төшөлдү

Талас облусунун Талас районундагы Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолунда 2026-жылга карата титулдук тизменин негизинде 5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда жол куруучулар тарабынан бул тилкеге асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. 

Мындан тышкары, Талас районундагы Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркына алып баруучу 10 чакырым унаа жолуна асфальт төшөө боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. 

Учурда жолдун негизин даярдоо, жер кыртышын тегиздөө жана кеңейтүү сыяктуу жер жумуштары аткарылууда.
Ошондой эле Көк-Ой – Кызыл-Туу унаа жолунун планга кирген тилкесине асфальт төшөлүп бүттү.  Ал эми Кызыл-Туу – Манас – Ордо унаа жолунда жер жумуштары уланууда. 

Аталган жолдордо курулуш иштери бекитилген графикке ылайык министрликтин  көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты