Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы негизги жол куруу долбоорлорунун жүрүшүн жеринен текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т.Жаныбеков Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун, “Алтын-Булак”, “Чайка” жана “Азербайжан” пансионаттарына алып баруучу жолдордун, ошондой эле Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле биринчи орун басар Чолпон-Ата шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп жаткан ат майданынын курулуш иштерин көрүп чыкты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштеринин сапатын камсыздоо, аткаруу темпин күчөтүү жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Учурда “Чайка” жана “Алтын-Булак” пансионаттарына алып баруучу жолдордо асфальт төшөө иштери толук аяктап, жыйынтыктоочу жумуштар жүргүзүлүүдө. Ал эми “Азербайжан” пансионатына алып баруучу жол жакынкы күндөрү асфальт төшөө иштери башталат.

Министрлик өлкө боюнча жол курулуп жаткан жолдордун сапатын жана белгиленген мөөнөттө аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү улантууда.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media