Алгачкы ирет Тамчы – Баткен – Тамчы аба каттамы ишке ашырылды
16-июлда “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы Тамчы – Баткен – Тамчы багыты боюнча өлкө тарыхындагы эң биринчи түз авиакаттамды аткарып, Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында жаңы барак ачты. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткендин тургундары өмүрүндө биринчи жолу узак жол жүрбөстөн жана эч кандай транзитсиз түз эле Ысык-Көлдүн жээгине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми Ысык-Көл облусунун тургундары өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бирине тез арада жете алышат.
Жаңы багыт Кыргызстандын транспорттук байланышын чыңдоодо, ички туризмди өнүктүрүүдө жана өлкөнүн бардык аймактарынын тургундары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө дагы бир маанилүү кадам болуп калды.
Каттамдар жайкы туристтик сезон учурунда жума сайын бейшемби күндөрү аткарылып турат.
Бир тарапка билеттин баасы 6 500 сомдон башталат.