“Asman Airleines” авиакомпаниясы 2 учак сатып алат
“Asman Airleines” мамлекеттик авиакомпаниясы жакынкы 5 жыл ичинде Airbus A 321 үлгүсүндөгү 8 учак сатып алууну пландоодо. Бул багытта эки учакты алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы компания 350 миң жүргүнчүнү тейлеп, 2500 каттам аткарган. Учурда авиакомпания өлкөдөгү 11 аэропортко каттап, авиапаркында 3 Dash G400 учагы бар. Жакын арада дагы бир учак келери күтүлүүдө.
Жаңы учактар жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүн арттырып, эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө шарт түзөт.