2026-жылдын алты ай аралыгында 651 чакырым жол асфальтталды

2026-жылдын алты ай аралыгында 651 чакырым жол асфальтталды

2026-жылдын июль айына карата республика боюнча жалпы 651 чакырым унаа жол толугу менен асфальтталды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265 чакырымга көп. Тактап айтканда, 2025-жылдын июль айына карата өлкө боюнча 386 чакырым жол асфальтталган болчу.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жол куруудагы өсүш жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтөт. Жаңы жана сапаттуу жолдордун курулушу аймактардын байланышын жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу каттамын камсыздоого өбөлгө түзүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө боюнча жол куруу жана оңдоо иштерин улантып, курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөөдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты