Чолпон-Атадагы айланма жолдун курулушу текшерилди

Чолпон-Атадагы айланма жолдун курулушу текшерилди

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун жана капиталдык оңдоодон өтүп жаткан ат майданынын курулуш иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун жана капиталдык оңдоодон өтүп жаткан ат майданынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Учурда эки объектте тең курулуш иштери күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Ат майданында асфальт төшөө иштери соңку баскычка жетип, бүтүрүү алдында турат.

Министр курулуш аянттарын кыдыруу учурунда аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, жооптуу жетекчилерге курулуштун темпин мындан ары да күчөтүү, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана бардык иштерди жогорку сапатта бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы айланма жол менен ат майданын оңдоп-түзөө долбоорлору туристтик сезондун алдында транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана шаар тургундары менен келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө боюнча ишке ашырылып жаткан жол куруу долбоорлорунун сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү улантат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media