Кырчын жайлоосуна баруучу жол толугу менен жасалып бүттү
Президенттин колдоосу менен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын эсебинен Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна алып баруучу 35,5 чакырым жол толугу менен жаңыланып, асфальт төшөлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, аталган унаа жол VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылды.
Долбоордун алкагында жол жээктери бекемделип, жол белгилери жана тосмолор орнотулууда, ошондой эле унааларга атайын унаа токтотуучу жайлар курулууда. Жаңы жол туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө болот.