Оштогу Гапар Айтиев көчөсү толугу менен жаңыланды
Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири болгон Гапар Айтиев көчөсүнүн Ш. Руставели көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолдун ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Узундугу 1305 метр, туурасы 24 метр болгон жол тилкесине 12 сантиметр калыңдыктагы асфальт-бетон төшөлдү. Ошондой эле көчөнүн эки капталына жалпы узундугу 3400 метрди түзгөн жаңы тротуарлар курулуп, сугат арыктары орнотулду. Жол белгилери жаңыланып, заманбап чиймелер түшүрүлдү.
Долбоор жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Буга чейин эскирип, ыңгайсыз абалда болгон тротуарлар толугу менен жаңыланды.



