Темен-Суу айылынын унаа жолуна төшөлгөн асфальттын сапаты текшерилди
Чүй облусунун Москва районуна караштуу Темен-Суу айылындагы унаа жолдун сапатын текшерүү үчүн асфальт-бетон жабуусунан үлгүлөр алынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү иштерин Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери жүргүздү. Алар жол жабуусунан алынган керн үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөгө жөнөтүштү.
Сыноолордун жүрүшүндө анын курулуш ченемдерине жана техникалык талаптарга шайкештиги бааланат.
Белгиленгендей, аталган иштер жол курулушунун сапатын көзөмөлдөө, колдонулган материалдардын талапка жооп беришин камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.