“Formula 1 H2O” мелдешине байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

“Formula 1 H2O” мелдешине байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көл районунун Бает айылында “Formula 1 H2O” Кыргызстандын Гран-приси – Issyk-Kul 2026 эл аралык мелдеши өткөрүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган эл аралык иш-чаранын коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында бул күндөрү Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда айрым убактарда убактылуу жолдор жабылып, транспорт каражаттарынын кыймылына чектөөлөр киргизилет.

“Эгерде шашылыш зарылчылык болбосо, көрсөтүлгөн күндөрү аталган багыт боюнча алыскы сапарларды алдын ала пландап же кийинки мөөнөткө жылдырууну өтүнөбүз. Ошондой эле бул мезгилде айыл чарба техникаларынын, жүк ташуучу жана башка ири габариттүү автоунаалардын кыймылында убактылуу кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн”, - деп айтылат маалыматта.

Алыскы сапарга чыккан айдоочуларга альтернативдүү каттам катары Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу өткөн Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автоунаа жолун пайдалануу сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media