Корумду – Балбай Баатыр жолуна асфальт төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолуна асфальт төшөлдү

Ысык-Көл айланма автожолунун 104 – 184, 5-чакырымындагы Корумду – Балбай баатыр тилкесин оңдоо  иштери тынымсыз уланууда. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, бүгүнкү күндө жалпы 79,2 чакырым төмөнкү катмардагы асфальт төшөлүп бүттү. Ошондой эле 71,6 чакырым аралыкка асфальттын үстүңкү катмары төшөлдү. 

Мындан тышкары, 14 көпүрөнүн жана 2 жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулушу аяктады. Негизги жолдо 235 суу өткөрүүчү түтүк орнотулуп бүттү. Ал эми бурулуштарда, аялдама аянтчаларында, тротуарларда жана велосипед жолдорунда каралган 654 жердин 452синде суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери аяктады.

Аталган унаа жол төрт тилкеге чейин кеңейип, тротуарлар жана велосипед жолу курулат. Ошондой эле 877 суу өткөрүүчү түтүк орнотуу каралган.

Белгилей кетсек, Корумду – Балбай тилкеси 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Оңдоо иштеринин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык техникалык талаптар сакталууда. Тиешелүү тилкелерде убактылуу багыттоочу каражаттар жана жол белгилери орнотулган. Жол курулушунун жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media