Нарын – Оруктам жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Оруктам жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы иштер уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматы билдирди.

2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Нарын – Оруктам унаа жолунун 9,5 – 15-чакырым аралыгындагы 5,5 чакырым тилкеге асфальт-бетон төшөө каралган. 

Учурда №8 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан курулуш иштери бекитилген графикке ылайык кызуу уланып, асфальт-бетон аралашмасы төшөлүүдө.

Жол куруу жана оңдоо иштери аймактардын транспорттук байланышын жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жана жашоочулар үчүн ыңгайлуулукту арттырууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты