Садыр Жапаров: Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу экинчи “Кумтөр” болот

Садыр Жапаров: Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу экинчи “Кумтөр” болот

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу кылды. Ал Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча маалымат берди.

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бүтсө биз туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланабыз. Кытай менен дүйнөнүн ортосун биз бириктиребиз. Биринчиден, дүйнөгө эшик ачып толук көз карандысыз өлкө болобуз.
Экинчиден, транзит үчүн бүгүн “Кумтөрдөн” алган кирешедей эле түбөлүк киреше алабыз. Экинчи “Кумтөр” болот десек болот”, - дейт мамлекет башчысы.

Бүгүнкү күнгө чейин биз туюк өлкөдө жашап келе жатабыз.  Темир жолубуз да туюк, авто жолдорубуз да туюк.

Анан албетте, товарларды экспорт-импорт кылуунун баарынан көз карандыбыз. 

Мына ушул жолду салууда биз чет өлкөлүк адистердин жардамына муктажбыз. Себеби өзүбүз салабыз деп олтура берсек, өзүбүздүн адистерди даярдоо үчүн ондогон жылдар кетет. Убакытты күтүп олтурбастан бул жолду баштадык. Күтүп олтура берсек дагы ондогон жылдарга кошуна өлкөлөрдөн артта калабыз. 

Ансыз деле өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калсак, жалаң саясат деп жүрүп кошуна өлкөлөрдөн 10-15 жылга артта калыптырбыз.

"Албетте, бул жолдун бүтпөй калышына кызыкдар күчтөр көп. Арасында өзүбүздүн ички терс күчтөр да бар. Бирок биз мамлекеттин келечеги үчүн кандай гана терс күчтөр болбосун жеңип чыгышыбыз керек. Эгер бул темир жол токтоп калса, биз мурдагыдай эле түбөлүк көз каранды мамлекет бойдон калабыз. Келечегибиз туман болуп калат. Ошондуктан акылы тунук, алысты көрө билген жарандарыбыз чакырык жасагандарды тартипке келтиргиле. Адашып калышпасын. Өлкөнүн өнүгүшүнө пайдасы тийбесе да, зыянын тийгизишпесин”, - дейт президент.

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media