Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки жол бир тараптуу жабылат

Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки жол бир тараптуу жабылат

​Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери улантылууда.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 22-июлдан тартып иштердин бешинчи этабы башталат. Оңдоп-түзөө убагында Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки тилкеде жолдун бир тарабы жабылат.

Унаалардын кыймылы эки багытта тең жүрүү мүмкүнчүлүгүн сактоо менен жолдун каршы тарабы аркылуу уюштурулат.
Көчөнү толугу менен жабуу каралган эмес. Унаалардын эки багыттагы кыймылы жүрүүчү бөлүктүн бир тарабы менен жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кароого, жол белгилеринин талаптарын жана жөнгө салуучулардын көрсөтмөлөрүн сактоого, ошондой эле мүмкүн болсо жүрүү багытын алдын ала пландаштырууга чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти