Өлкөнүн бир катар унаа жолдору сел агындыларынан тазаланды

Өлкөнүн бир катар унаа жолдору сел агындыларынан тазаланды

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука унаа жолунун 40+000–54+000-чакырымдар аралыгында 8 жерден сел түшкөн. Жеринде  министрликтин жол тейлөө кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Балыкчы – Нарын –Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131–134-чакырымдар аралыгында жаандын кесепетинен жолго сел түшкөн. Жеринде атайын техникалар тартылып, жол тазаланды. Учурда каттам толук ачык.

Мындан тышкары, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 104-чакырымында, Кажы-Сай айылынын аймагында да жаандын кесепетинен сел жүргөн. Учурда аталган жолдор министрликтин кызматкерлери жана атайын техникалардын жардамы менен тазаланып, жол кыймылы толук калыбына келтирилди.

 

 

 

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти