Балыкчы – Кочкор темир жолу пайдаланууга берилди

Балыкчы – Кочкор темир жолу пайдаланууга берилди

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүнүн айтымында, мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди.

Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол линиясын куруу долбоорунун биринчи этабы болуп калды.

“Баарынан мурда, бул темир жолду биз өз күчүбүз менен куруп жатканыбызды өзгөчө белгилегим келет. Курулуш учурунда болжол менен 1 млн куб метр жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 км тоо тилкеси тазаланды. Жолдун өзүнүн курулушуна 1 км үчүн 955 миң доллар сарпталды”, - деди президент.

Садыр Жапаров ошондой эле келечекте “Кочкор – Кара-Кече – Макмал” темир жолунун курулушу башталарына токтолду. Бул стратегиялык долбоор өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу бириктирип, Кара-Кече көмүр кенин өндүрүш борборлору менен байланыштырып, Кыргызстандын ички жүк ташууларын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрөт.

Ошондой эле бул долбоорлордун мультипликативдик таасири өзгөчө белгиленди. Бул ири инфратүзүмдүк долбоорлор Кыргызстандын ички темир жол тармагын бирдиктүү системага айландырууга, транспорттук байланыштарды чыңдоого, аймактардын экономикалык интеграциясын тереңдетүүгө, ошондой эле өнөр жайдын, туризмдин жана логистиканын туруктуу өнүгүшүнө чоң түрткү берет.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media