Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Лущихин көчөсү ачылды

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Лущихин көчөсү ачылды

Бишкек шаарынын Ленин районунда капиталдык оңдоодон кийин Лущихин көчөсү ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуштар Лев Толстой көчөсүнөн тартып, узундугу 600 метрлик тилкеде аткарылды. Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жаңы асфальт-бетон төшөлүп, заманбап ирригациялык система орнотулду, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жана коопсуз кыймылы үчүн тротуарлар салынды.

Бул долбоорду ишке ашыруу транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана район тургундары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Асфальт-бетон төшөө жана курулуш-монтаждоо иштерин "СУ-4 Кара-Балта" ЖЧКсы ишке ашырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти