Бишкектеги Бердибаев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Бердибаев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Бердибаев көчөсүнүн Асылкеч көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки 370 метрлик бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жолго жаңы асфальт-бетон төшөлүп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тротуарлар курулду. Ошондой эле жаан-чачын жана кардын эриген сууларын натыйжалуу агызууга багытталган заманбап ирригациялык тармак орнотулду.

Оңдоо иштери “СУ-4 Кара-Балта” ЖЧКсы тарабынан белгиленген мөөнөттө жана сапаттын колдонуудагы талаптарына ылайык аткарылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти