Чыгырыктарды ижарага алгандар камсыздандыруу кызматын пайдалана алышат

Чыгырыктарды ижарага алгандар камсыздандыруу кызматын пайдалана алышат

Бишкек шаарынын мэриясы жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланган жарандар үчүн камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү каралганын эскертти.

Маалыматка ылайык, колдонуучулардын коопсуздугун жогорулатуу жана алардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо максатында электр чыгырыктарды ижарага берген компаниялар мыйзамга ылайык жарандык жана келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандырууну ишке ашырууга укуктуу.

Белгиленгендей, камсыздандыруу жол-транспорт кырсыгы же жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон күтүлбөгөн жагдайларда кошумча каржылык коргоону камсыздайт.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо этият болууга жана өз коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти