Эл аралык автожүрүш жыйынтыкталды

Эл аралык автожүрүш жыйынтыкталды

22-26-июлда Кыргызстанда Тоолуу автомобиль жолдору боюнча өкмөттөр аралык жолчулар кеңешинин  IX Эл аралык автожүрүшү өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Словакиянын жол тармагынын өкүлдөрү, эксперттер жана окумуштуулар катышты. Бул тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автожүрүш Ош – Өзгөн – Манас – Казарман – Балыкчы – Чолпон-Ата – Түп – Каракол багыты боюнча өтүп, катышуучулар тоолуу автомобиль жолдорунун абалы, курулушу, эксплуатациясы менен жеринде таанышышты. Автожүрүштүн алкагында Манас шаарында эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулуп, тоолуу жолдорду өнүктүрүү, жол кыймылынын коопсуздугу, заманбап технологияларды колдонуу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Иш-чара мамлекеттер ортосундагы транспорттук кызматташтыкты чыңдоого, жол тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга жана тоолуу жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Кыргызстандагы этап аяктагандан кийин автожүрүш өз багытын Казакстандын аймагында улантты.

 

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media
Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту. Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен

Ишкер Media