Оштогу Масалиев, Шамшиев көчөлөрүнүн бир тарабы убактылуу жабылды
Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүнүн Ж.Шамшиев көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн бир тарабы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жабылган тилкеде жол коопсуздугун сактоону жана мүмкүн болгон учурда альтернативдүү багыттарды колдонууну өтүнөбүз.
Ош шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.