Балыкчы - Бишкек каттамындагы поезддин терезелери сындырылды

Балыкчы - Бишкек  каттамындагы поезддин терезелери сындырылды

27-июлда саат 22:54 чамасында Балыкчы – Бишкек-2 багыты боюнча каттаган №609 шаар четиндеги жүргүнчү поезди Новопокровка айылынан чыгып бара жаткан учурда, белгисиз адамдар жүрүп бараткан поездди эки тарабынан атайылап таш менен ургулашкан. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай аракеттер жүргүнчүлөрдүн жана поезд бригадасынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле поезддердин кыймылынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жараткан. Таштардын бири вагондун терезесинин айнегин сындырып, вагондун ичине кирген.

Окуянын кесепетинен бир нече вагондун терезелери сынып, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасына материалдык зыян келтирилди. Темир жол кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында жабыркаган терезелер кыска мөөнөттө алмаштырылды.

Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. “Кыргыз темир жолу” ишканасы күнөөлүүлөрдү ыкчам аныктап, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат деп ишенет.

Ишкана жарандарды темир жол инфраструктурасынын объектилерине аяр мамиле кылууга жана вандализм фактылары же башка мыйзамсыз аракеттер тууралуу укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media