Бишкектеги А. Масалиев проспектисинде тышкы жарыктандыруу тармагы жаңыланды

Бишкектеги А. Масалиев проспектисинде тышкы жарыктандыруу тармагы жаңыланды

Бишкек шаарындагы А. Масалиев проспектисинин 4 чакырымдан ашкан тилкесинде тышкы жарыктандыруу тармагы толугу менен жаңыланып, 180 жаңы мамы жана 360 энергияны үнөмдөөчү чырак орнотулду.

Бишкек шаарында тышкы жарыктандыруу тармагын жаңылоо жана тургундардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштер уланууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, шаардык инфраструктураны модернизациялоонун алкагында А. Масалиев проспектисинин Чортеков көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 4 чакырымдан ашкан тилкесинде тышкы жарыктандыруу тармагы толугу менен жаңыланды.

Долбоордун алкагында 180 жаңы жарык берүүчү мамы орнотулуп, 360 заманбап энергияны үнөмдөөчү LED чырак коюлду.

Белгиленгендей, жаңыланган жарыктандыруу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жөө жүргүнчүлөр үчүн түнкү убакта көрүнүүнү жакшыртууга жана борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти