Арашан – Чуңкурчак жолунда асфальт төшөө иштери аяктады

Арашан – Чуңкурчак жолунда асфальт төшөө иштери аяктады

Арашан – Чуңкурчак унаа жолу Чүй облусундагы негизги туристтик каттамдардын бири. Бул жол аркылуу белгилүү лыжа базаларына жана эс алуу жайларына жетүүгө болот. Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 20 чакырым 731 метрди түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Арашан – Чуңкурчак унаа жолуна калыңдыгы 7 сантиметр болгон асфальттын биринчи катмары толук төшөлүп бүттү. Долбоорго ылайык, анын үстүнө дагы 5 сантиметр калыңдыктагы экинчи катмар асфальт төшөлөт. 

Мындан тышкары, жол боюндагы тирөөч дубалдар менен суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында темир тосмолордун 60%ы орнотулуп, жол белгилеринин 80%га жакын коюлду. 2 көпүрөнүн курулуш толугу менен бүткөрүлдү. 

Долбоор ишке ашкандан кийин туристтик аймактарга жетүү жеңилдеп, жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорттук шарттар жакшырат.

Жолдун курулуш иштери министрликтин туруктуу көзөмөлүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Улуттук банк 8-августка карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Ага ылайык, доллардын курсу өзгөрүүсүз, тагыраагы 87,4500 сом бойдон калды. Евро 100,9435 сомдон 100,7730 сомго түшүп, 0,17%га төмөндөдү. Ал эми рублдин курсу 1,0652 сом деп белгиленип, 1,36%га түштү. Теңге болсо 0,1871 сомдон