Ат-Башыда бир катар унаа жолдору асфальтталууда
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолунун 7–13-чакырым аралыгындагы 6 чакырым жолго асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен бщлдиришти.
Маалыматка ылайык, Чар – Ак-Муз унаа жолунда жалпы 7,8 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Учурда анын 5,1 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
Ошондой эле Ташрабат унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган. Азыркы тапта жер жумуштары аяктап, асфальт төшөөгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Министрликтен белгилешкендей, жол куруу иштери жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана транспорттук каттамдардын сапатын жакшыртуу максатында техникалык талаптарга ылайык аткарылууда.
Мындан тышкары, Ат-Башы районунун башка жол тилкелеринде да курулуш иштери бекитилген план боюнча уланууда. Жолдордун курулушунун жүрүшү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.